Өлкөбүздө өтө кооптуу делген эң ири иш чаранын бири өтүп, президенттик шайлоо тынч маанайда жыйынтыкталды. Эми жаңы шайланган мамлекет жетекчиси бир айдан соң ишке киришмекчи, ага чейин кадрлык жүрүштөр жасалары аяк салууда. Ал иш-чара Жогорку Кеңештин спикеринен башталганын көрүүдөбүз. Албетте, шайлоонун шайтан оюндарына берилип ичтен иритүү максатында «душмандар» тарабынан тымызын былгыткандар өз жазасын алышы шарт. Бул бүт өлкөдө боло келген мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошону менен бирге өз ишин так аткара албаган илең-салаң маанайдагы «ийри» жетекчилер да айдалышы зарыл. Маселен, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп олтурган «алкомагнат» Шаршенбек Абдыкеримовдун (Шакинин) кайнежеси Таалайкүл Исакунова калктын аялуу тармагын «өлтүрдү» десек аша чаппайбыз. Бир жылдан бери министрликтин бар же жок экендигин билбейбиз.Жаңы келген келинчесинен көшөгөдөн чыкпай эле олтурат. Башкасын айтпай мурунку министр Кудайберген Базарбаевдин учурун эле карасак, кандай гана иштер аткарылып, элге жакындан жардамдар берилди эле?! Социалдык тармакты жөндөп кете албагандан кийин, өткөрүп бербейби! Исакунова каалаганын жасап олтура бергидей соцминистрлик Шакинин менчик фирмасы эмес да…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ