Menu

“Фрунзе” менен “Народный” соода үйлөрү тамак-аштын мөөнөтүн жылдырып кайра сатабы же күнөө фирмалардабы?

Бөлүшүү:

Эл азыр шартына карап базарга эмес соода уйлөрүнө барып азык-түлук, тамак ашын камдоого ыктап калышты. Ачык асман алдындагы базарларга караганда баары ирээттелген, издеген буюмуң баары бир жерде болгон жаркыраган соода түйүндөрү ыңгайлуудай дагы көрүнөт экендиги жашыруун эмес. Бирок соода түйүндөрүнө кайрылган кардарлардын баары эле ыраазы эмес. Ага себептер дагы бар. Текчесинде тизилген товардын жазылган баасы бөлөк, кассага келгенде бөлөк сумма чыккан учурлар дайыма эле кайталанып келет. Мунусун жөн коелу. Кечээ жакында ырчы мырзалардын бири Народный дүкөнүнөн балдарга арналган «Нежный» йогуртун сатып алган. Жарактуулук мөөнөтү 28.09.2018ден 26.01.2019-жылга чейин деп белгиленген. Бирок аны балдарына берейин деп ачканда йогурттун ичи көгөрүп кеткенин көрүүгө болот. Келерки жылга чейин эмне болоорун бир кудай билет. Бул эски товарга кайра жаңы мөөнөт басылганын далилдеп турат. Бул жерде «Нежный» йогуртун чыгарган фирманын күнөөсү дагы опол тоодой. А эгер лсформация болуп ошондон улам йогурт бузулган болсо, неге деформация болгон товар полкада сатыкта турат? Дүкөндүн кызматкерлери көзөмөлдөбөй эмне жумуш аткарышууда? Же алардын жумушу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн мөөнөтүн жаңылообу?

Эске сала кетсек, «Нежный» йогурту дүкөндөргө белгилүү киндер шоколады, дагы бир нече таттуулар менен бирге келет. Ошондо бул фирманын сүт азыктарынан бир гана йогурт эле өндүрөбү деген суроо жаралат.

Дагы бир инцидент, кечээ жакында Фрунзе соода үйүнөн кардар кадимки сосиска сатып алган. Анын сырткы көрүнүшү жаңы экендигинен кабар бербесе дагы чыгарган датасы «жапжаңы» мөөнөттү көрсөтүп турган. Мындан шекшиген кардар чапталган кагазды сыйрыганда анын астында мурунку эски мөөнөтү көрсөтүлгөн этикетка чыккан. Ошондо булучурда дагы товарды кайра сатуу аракетин байкоого болот. Ким күнөөлүү? Фрунзе соода үйүбү же товарды жеткизген фирмабы? Элдин акчасын шыпырып алып, ити чөп жеп жаткан фирмалар олчойгон эле пайда көрөөрү айдан ачык да. Беттерин «бетон» кылып, өз капчыктарын эле ойлошпой калкка адал кызмат көрсөтүшсө эмне болот?

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: