Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөртүлгөн жок.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушталган курамы:
Жээнбеков Сооронбай Шарипович – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына;
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына;
Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Султанбекова Чолпон Аалыевна – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Разаков Жеңиш Парпиевич – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Осмоналиев Акылбек Шарипович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министринин кызматына;
Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына;
Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына;
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин кызматына;
Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;
Ахметов Уран Түлөндиевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына;
Абдылдаев Эрлан Бекешович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;
Исраилов Улан Жумабекович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;
Боронов Кубатбек Айылчиевич – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына;
Казаков Түгөлбай Токтогулович – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;
Исакунова Таалайкүл Базаркуловна – Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына;
Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович – Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;
Шаршембиев Бакыт Нуржанович – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;
Сегизбаев Абдил Кенешевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматына;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматы – Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ