Menu

Алмаз Атамбаев Аравия деңизинин жээгиндеги Гоа курортуна эс алууга учуп кеттиби?

Бөлүшүү:

Гоа курортунан бир көрүнүш

Бүгүн, 30-октябрда КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы Алмаз Атамбаев кайрадан эмгек өргүүсүнө чыкканын жарыялады. Билермандар дароо эле анын 6 жыл президенттик кызматта олтуруп, 18 жолу эмгек өргүүсүнө чыкканын эсептеп чыгышты. Бул албетте расмий айтылгандары гана.

Президенттик аппараттын түшүндүрмөсү боюнча Алмаз Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыгып алып, Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантын иштеп чыгуунун үстүндө иштейт имиш. Албетте эң эле биринчи пайда болгон суроо – бул кызматтык 6 жыл мөөнөтү аяктап, кетип жаткан президент жаңы стратегияны иштеп чыгат дегени эмне шумдук?  Мындай шумдук кайсы жерде бар эле? Анда жаңы келген президент эмне жумуш кылат? Анын өзүнүн башы жокпу? Анын үстүнө Атамбаев өзү президент болуп келгенде иштеп чыккан Кыргызстанды 2012-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ишке ашпай, кагазда гана калганы дайын эмеспи. Ал стратегиясына киргизилип, 5 жыл күпүлдөп айтылып келген Жогорку-Нарын ГЭС каскаддары, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай-Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу сыяктуу ондогон долбоорлор кана? Болгону мурунку Бакиевдик режим баштап кеткен “Датка-Кемин” долбоору гана бүтүп, ошону бетке кармап келатышпайбы?

Анын үстүнө 27 жашынан бери жетекчилик кызматтарда иштеп, колхоздун башкармасы, совхоздун директору, депутат, министр, губернатор, премьер-министр болуп баардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн президент Сооронбай Жээнбековдун чарбалык тажрыйбасы, өмүр бою кыйкырып оппозицияда келаткан ( 6 ай министр, 6 ай Бакиевдин премьер-министри болгонун эске албаганда) Алмаз Атамбаевге караганда алда канча бай эмеспи. Эгер Сооронбай Жээнбеков өз тажрыйбасына таянып, жаңы стратегиясын өзү иштеп чыкса ал Атамбаевдикиндей кагазда гана жомок катары калбай, ишке аша турган реалдуу стратегия болору бешиктеги балага деле белгилүү болуп калды. Анткени Атамбаев кыялдарды гана кагазга түшүрүп, аларды ишке ашыра албасы акыркы 6 жылда дайын болду.

Чындыгында Атамбаев бүгүн эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн алыскы Аравия деңизинин жээгиндеги Гоа курортуна учуп кеткендиги айтылууда. Жылдан-жылган бюджетинин дефицити өсүп жаткан, башчысы ар кимден карызга акча сурап жүргөн (өзүнүн айтуусунда) кедей мамлекеттин президенти реалдуу ишке ашпай турган стратегияны шылтоо кылып, эмгек өргүүгө чыгууга моралдык укугу барбы?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: