Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү 2010-жылдын 7-апрелинен кийин талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган Райкан Төлөгөновду Биринчи май райондук соту 15 жылга эркинен ажыратты. Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ