Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Депутат Асел Кодуранова ушу тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп иштейт.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ