Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу 20-августта экономика министри Руслан Даленов билдирди.
Улуттук экономика министринин маалыматына караганда, орто эсеп менен пияз – 79 пайыз, сабиз – 59,3 пайыз, картошка – 32,9 пайыз, күрүч – 23,8 пайыз, биринчи сорттогу ун – 14,3 пайыз кымбаттаган. Ал бааны базарлар жана дүкөндөр жогорулатып жатканын кошумчалады:
– Базардагы баа өндүрүүчүлөрдүн жана импорттун баасына караганда кыйла кымбат. Маселен, өндүрүүчүлөр сабизди 67 теңгеден (0,17 доллар) сатса, анын базардагы баасы 151 теңге (0,4 доллар).
Маалыматтарга караганда, баа Нур-Султанда өзгөчө кымбаттады. Маселен, сабиз – 2,4 пайыз, пияз – 85,5, картошка – 84,4 пайыз, күрүч – 21,6 пайыз, ун – 20,8 пайыз өскөн.
Соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун айтымында, өндүрүштүн жолго коюлбаганы, ортомчулардын көптүгү, сактоо шарттарынын сакталбаганы кымбатчылыкка себеп болду. Министр буга орус экономикасынын таасири да тийип жатканын кошумчалады:
– Евразиялык экономикалык биримдигинин орток базарындагы баа дагы таасир этүүдө. Орусияда баа өскөндүктөн, бизде да кымбатчылык болууда.
Өкмөт инфляция көлөмүн 4 пайыздан 6 пайызга чейин кармап туруу үчүн эл эң эле көп колдоно турган 10 азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп турууга убада берди. Бул – пияз, сабиз, картошка, кызылча, күрүч, ун, уй, кой, жылкы эти жана нан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ