Президенттик шайлоонун эртеси эле “Өнүгүү” фракциясында чыр чыгып, анын лидери Бакыт Төрөбаев Тазабек Икрамов баштаган бир нече “бунтарь” депутатты фракция курамынан чыгаруу менен чатакты убактылуу болсо да басаңдатып калганы белгилүү. Бирок, убакыт өткөн сайын “бунт” жасаган депутапарды колдогондордун катары калындап, жакын арада бул фракцияда “переворот” болору айтылууда.
Эми болсо “Республика – Ата Журт” фракциясында да “революция” ишке аша тургандыгы белгилүү болду. Өз убагында бириккен партийный тең-төрагасы Камчыбек Ташиевдин арты менен келген ондон ашуун депутаттын “бунт” чыгарып, “бекер эле ушул Бабановду ээрчиппиз, эми ал женилип, ит болдук, элдин бетин эми кантип карайбыз?”- деп өз ара чырдашканы маалым болду. Албетте, Ташиевди чанып, Бабановдун капчыгын карап саясий келечегин тандаган “кузгун” депутаттар эл алдында, анан да Жээнбековду колдоп “на коне” турган Камчыкенин көзүнчө “реабилитация” болуу үчүн БӨТтү кулатуу планын иштеп чыгышыптыр. Эгер пландары ишке ашса, фракция лидери катары Курманкул Зулушевди шайлашары айтылууда. Эеке салсак, К.Зулушев бүтүндөй фракция ичинде жалгыз гана Ташиевди сатпай, позициясында туруп келди. Баары Бабановдун оозун карап турганда, ушул депутат гана ага каяша айтып, чындыкты саймедиреген. Демек, Бабановду кетиришсе, Зулушевде фракция лидери болууга моралдык укугу бар.
“РАЖга” жаңыдан депутат болуп келген Зарылбек Рысалиев “24. kg” агенттигинине берген маегинде Ө.Бабановго каршы кутумдун башында турбаганын айткан, бирок, иш ошол өңүттө өөрчүп жатканын моюнга алган. “Бабановду кулатууну уюштуруу менин колумдан келип жаткан иш эмес. Менин ага тийешем жок. Бирок, мен Бабановду колдобойм. Ал мени абдан жаман абалда калтырган. Ошого карабастан кутумдун башында тургум келбейт. Биз экөөбүз тең Таластанбыз. Антсем, кичи мекенимде мени кечиришпейт”,- дейт ал.
Өмүрбек Бабанов учурда Россияга токолу менен учуп барганын айрым маалымат каражаттары жазды. Качан келери, деги эле кайтар- кайтпасы белгисиз. Парламенттен түшкөн маалыматка караганда, “РАЖдын” депутаты Алиярбек Аб-жалиев БӨТтү түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анүчүн фракциянын көпчүлүгүнүн, б.а. 19 депутаттын колу керек. Азыр 11 депутат кол койду. Зарылбек Рысалиев 12-болуп кол коюуга макул.
Бабанов шайлоодон жеңилгенден кийин анын короосунда да саткындар пайда болору белгилүү. Депутаттардын арасындагы “проституция” эч качан өлбөйт. Бийлик бул жагдайдан ар дайым өз пайдасына жыйынтык чыгара билет. Ошол жагынан алып караганда, Бабановду кулатуу – убакыттын иши. Башка да кеп бар – чукуганды, казганды, сатып кеткенди, интриганы гана билген парламентти биротоло таркатып ийсе болбойбу ия?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ