Чүй облусунун ИИББнын ыктам тергөө тобу жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан качып кеткен жаран кармалды.
Бүгүн, 8-июнь күнү болжол менен саат 00:31 чамаларында Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринде катталган кылмыш ишине чыккан ыкчам тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттерден улам 50 жаштагы Т.Б. кармалган.
Шектүү жаран качып кетүү үчүн каршылык көргөзүп бирок, кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлгөн.
Учурда кармалган жаран Ленин районунун ИИБдүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ