Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматына караганда, Кыргызстан жол сапаттары боюнча дүйнөлүк рейтингде 122-орунду ээлейт.
Маалыматка караганда, эң сапаттуу жолдор Араб Бириккен Эмиратында, Сингапурда, Швейцарияда, Гонконгдо жана Нидерландияда курулган.
Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр арасында Азербейжан, Литва, Эстониянын жолдору сапаттуу. Алар рейтингдин 36-37- 38-орунунда турушат.
Тажикстан 70-орунга туш болгон, Армения 85-орунда. Россиянын жолдору 114- орунду алышкан, а Казакстан 115-орунда. Африкалык мамлекеттер Либерия – 111, Бурунди – 112, Бенин – 113-орунга жеткен. А Кыргызстан араң гана 122-орунга илешкен.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ