Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-октябрдагы жыйынында президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өттү деп жарыялап, элди жаңы президенттүү болушу менен куттуктады. Ал эми БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев шайлоо эң жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, 2375 добушканадан болгону төрт арыз түшкөнү шайлоо системасындагы реформанын жыйынтыгынан кабар берерин билдирди. Расмий маалыматка караганда, президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54.22 пайыз добуш менен жеңди. Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алды. 12 миң киши “баарына каршы” добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы электрондук үкөктөр жана добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына карап чыгарылган. Президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 56,34 пайызы катышты. Шайлоо жыйынтыгы тууралуу протоколго БШКнын тогуз мүчөсү “макул”, бирөө “каршы” добуш берди, ал эми эки мүчөсү жыйынга катышкан жок. Ошентип көпчүлүк добуш менен президенттик шайлоо өттү деп таанылып, С.Жээнбеков президент катары жарыяланды. Эми президенттин ант берүү аземи 1-декабрга чейин өтөрү айтылууда. Эмнеси болсо да көпчүлүк добуш алган С.Жээнбековдун алдыдагы түйшүктүү ишинде ийгиликтерди каалайбыз.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ