Menu

Садыр Жапаров: “30 жылдан бери эл ырыскысын каалагандай мойсоп жүргөндөр эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришти”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 5-январда Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кыргыз элинин жана бийликтин көңүлүн негизги саясий темага буруу максатында көптөн бери жекшемби күндөрү өткөрүлүп келген “Мыйзамдуулук үчүн” жана “Референдумга каршы” жүрүшүнүн катышуучуларына жооп кайтарды.

Отуз жылдан бери, элдин ырыскысын каалаганындай мойсоп жүргөндөр, эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришпедиби. Ага күбө. “Референдумга каршыбыз” деп митингтерди уюштуруп да жатышат . Референдумга эмне үчүн каршы болуп жаткандарына, жада калса өздөрү жооп бере алышпайт. Жүйөлүү бир жооптору жок. Референдумда, элдин пикири билинет да. Президенттик башкаруу болсун же парламенттик башкаруу болсун деген.

Элдин пикирин сурап билип алуунун эмнеси жаман? Биринчи кезекте бир ууч топтун эмес, калктын, жалпы элдин пикирин билип алып анан баш мыйзамды кабыл алалы да. Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнөлү. Үйрөнгүлөрү келбей тескери сүйлөгөндөрдү, үйрөтөбүз.
Көрсө, отуз жыл бою элдин ырыскысына кол салып, баш мыйзамды каалагандай калчап жүрүп, булар таптакыр көнүп бүтүшкөн турбайбы…
Эми, элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган митингтерге жумшап жатасыңарбы?

Элдин көзү эбак ачылган, эл да түшүнүп турат, көмүскө максатыңарды. Канчалык аракет кылбагыла, баардык аракеттериңерден эч бир майнап чыкпайт“, – деп жазды Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: