Нью-Йорктогу теракттан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Ички коопсуздук министрлигине өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөрдү текшерүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.
“Саясий сылыктык – бул жакшы, бирок мындай учурлар үчүн эмес!” – деп жазды Трамп Твиттердеги баракчасына. Кечээ Нью-Йорктун Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед жолундагы бир нече кишини тебелеп кеткен. Анын жыйынтыгында 8 киши каза болуп, 10дон ашыгы жаракат алган.
Кол салууга айыпталып жүк унаанын айдоочусу, 29 жаштагы Саффулло Саипов кармалды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал АКШга бир канча жыл мурда Өзбекстандан барып, Флорида штатында жашап жүргөн. Кол салган адамдын алгач мектеп автобусун сүзүп, андан соң колуна тапанча алып сыртка чыккандыгы кабарланууда. Ошол маалда аны полиция кызматкери курсакка атып жарадар кылган. Ага операция жасалып, учурда ооруканада жатат.
Кол салган адамдын автоунаасында «Ислам мамлекети» террордук тобуна ант бергендиги жазылган кат табылды. Терактты ФБР иликтөөдө.
2016-жылкы президенттик өнөктүк маалында Трамп коопсуздукту камсыз кылуу максатында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөтөрүн убадалаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ