Menu

Алексей Навальный Путинди сотко берерин билдирди

Бөлүшүү:

Антикоррупциялык фонддун негиздөөчүсү Алексей Навальный Орусия президенти Владимир Путинди жана анын администрациясын сотко берерин билдирди. Оппозициячы өлкө шаарларынын жергиликтүү бийликтери Кремлдин көрсөтмөсү менен анын шайлоочуларына жолугушуусуна тыюу салууда деп эсептөөдө.

“Орусиядагы 40-50 ири шаарлардын администрациялары жума сайын мыйзамды түздөн-түз жана одоно бузуп жатышат” деп жазды Навальный өз блогуна.

Анын пикиринде, Кремль оппозициячынын жолугушууларына тарапташтарынын көп келип жатканына тынчсызданууда. Ал акциялар мындан ары дагы өткөрүлө берерин, бирок жеке аянттарда же имараттарда башкача форматта уюштуруларын айтты.

Алексей Навальный кийинки жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген. Орусиянын 80 шаарында штабы ачылып,учурда ал аймактарда үгүт иши менен жүрөт.

Бирок буга чейин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальный мурда эки ирет шарттуу соттолгонуна байланыштуу 2028-жылга чейин шайлоого катыша албасын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: