Menu

Казакстанда Назарбаевди сындаган жаранга карата сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Караганды облустук соту пробациялык көзөмөлдө болуу шарты менен 29 жаштагы Арман Хасеновдун эркиндигин үч жылга чектеди. Ал быйыл апрелде Интернетте видеокайрылуу жасап, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн сындаган.

Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Хасенов «Жалпыга маалымдоо каражаттарын же телекоммуникация түйүндөрүн колдонуу менен Елбасын кемсинтүү, анын ар-намысына шек келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмгө ылайык, ал сот залынан бошотулду, бирок «жаза мөөнөтү аяктаганга чейин жылына 100 сааттан коомдук жумуштарды аткарат».

Соттон билдиришкендей, отурумда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын билдирген.

Хасенов 13-апрелде, видеокайрылуусу интернетке жарыяланган күндүн эртеси кармалган. Ал буга чейин соттолгон эмес, жогорку билимдүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: