Menu

Абдыкалык Рустамов менен Аманбай Кайыпов ымтырашпай иштешсе боло

Бөлүшүү:

Кыштын суугу күчүнө кирди. Түкүрүк жерге түшпөй тоңгон Нарындын суугунда карапайым эл отун-суудан кыйналып жатканын айтышып арызданышты. Нарын облусун жетекчиси Аманбай Кайыпов кышка камылганы эртелеп көрсө болот эле. Мажүрөө неме баары бир шалаакылыгын койбойт тура. Мына былтыр эл нааразы болуп, маселе Жогорку Кеңеште каралып, “эл караган бети жер карагандай” болду эле.

Илең-салаң иштеген жаны сабак албаптыр. Баягыдай эле “эт эмес же чел эмес” абалдан чыкпаптыр. Көмүрдүн үстүндө отурган Нарында көмүр жок деген жакшы эмес го. Эң кур дегенде көмүр түшүрчү кампаларды ачып бергенге жарабагандан кийин, башкасын айтып эмне кылабыз. Мындай жетекчиге бийлик чара көрбөсө, нааразы болуп арыз-армандарын айткандан жадаган эл өздөрү “базарыңа барып, акылың жеткен ишти кылчы” деп, кабинетинен жетелеп чыгарып коюшпаса болгону.

Какаганга муштаган болуп, отун-суудан каржалып турган элдин малын карышкыр кырып баштаптыр. Мына Ат-Башыда карышкырлар бир үйүр жылкыны бир түндө кырып салганын, айгыры “жетим” калганын Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев айтып чыкты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов карышкырларды атууга бөлүнчү ок-дарыны, кийикке жумшабай, аңчыларга берсе болмок. Болбосо, Аманбай Кайыпов экөө элдин чыгымын төлөп бербеген соң, тиешелүү милдетин так аткарып коюшса боло, ымтырашып эле пайдасын көздөп отурушпай…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: