Menu

Эрдоган Түркияга “жаңы доордо жаңыча өнүгүүгө” убада берди

Бөлүшүү:

Түркияда кайрадан шайланган президент Режеп Тайып Эрдоган 9-июлда Анкарада ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурацияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Ант берүү аземинен кийин Эрдоган “түрк атасы” аталган Мустафа Кемал Ата Түрктүн кабырына барып, анда сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү азыркы жол менен өнүктүрүүнү уланта турганын айтты:

– Биз Түркияны бардык тармакта бекемдейбиз, анын ичинде коргонуу жана чек ара коопсуздугу боюнча. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр бизди дүйнөдөгү экономикасы чоң он өлкөнүн катарына кошмойунча, бардык тармакка ири инвестицияларды салабыз, – деди Эрдоган.

Расмий маалыматтарга караганда, 24-июнда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо Эрдоган 52 пайыздан ашык добуш менен экинчи жолу шайланды. Бул анын мамлекет башчы катары бийликтеги экинчи мөөнөтү, бирок президент катары чексиз бийликти алган алгачкы мандаты.

9-июлда бир жыл мурун референдум аркылуу Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Оппозиция бул өзгөртүүлөр “бийликтин бир колго топтолушуна шарт түзөт” деп эсептейт.

Эрдоган өзү 80 миллион калкы бар Түркияга “жаңы доордогу жаңы өнүгүүнү” убада берүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: