Menu

Видео – Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын төрагасы: «2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады”

Бөлүшүү:

«2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Жыл жыйынтыктары боюнча  банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады.  Насыялык портфель жана депозиттик база  15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялар жана депозиттер боюнча долларлашуу төмөндөөдө. Жыл жыйынтыгы боюнча насыялык портфелдин  долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип,  2 млрд 417 млн АКШ” долларын түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 560 млн сомду түздү», — деп маалымдады Толкунбек Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, негизинен көбөйүү улуттук валютада берилген насыялар боюнча байкалууда. Насыялоонун көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип жатат.

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы жеткиликтүү пайыздык чендер менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоого багытталган «Керемет Банк» ААКнын «Социалдык ипотека» насыялык долбоордун 2019-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин «Керемет Банк» ААК жалпы суммасы 1 054,2 млн сомго 723 насыя бөлүп берген. 2019-жылдын ноябрынан баштап, бул насыялык долбоор боюнча финансылык ресурстар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилүүдө. «Социалдык ипотека» долбоорунун алкагында «Керемет Банк» ААК 2020-жылы 1 млрд 200 млн сомго насыяларды берүүнү пландаштырууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: