Menu

Эгерде Динара Исаева таза болсо, анда Текебаевдей болуп журналисттер үчүн үйүнө экскурсия жасатпайбы?

Бөлүшүү:

Качкын Данияр Үсөновдун экс-аялы, ЖК депутаты Динара Исаева бүгүнкү күндө ханышадан артык турмуш кечирип атканын билесиңерби? Ал Совет-Түштүк магистралы проспектилеринин жогору жагындагы Ала Арча – Нооруз элиталык аймакта жашап атканы, кечинде ошол «уюктан» сейилдеп чыкканы бизге дайын болду. «Уюк» деп тергегенибиз менен, анын жашаган жери ооз ачырат. Участогу эле 1,5 гектар, ал эми хансарайы 2 миң чарчы метрди чапчыйт. Бул район өтө кымбат. Маселен, ал жакта Шаршенбек Абдыкеримовдун, Алтынбек Сулаймановдун, Жаныбек Бакчиевдин, Аскарбек Шадиевдин, ж.б. лөктөрдүн үйлөрү бар. Эми Динара эже ошол үйгө жана жер аянтчасына ак эмгеги менен жетсе, анда Өмүрбек Текебаевдей болуп журналистгерди төрүнө чакырып, экскурсия жасатпайбы? Азыр карапайым кыргыздар 4 сотых жерге жетпей, батирден батирге көчүп, ит кордук сымал турмуш кечирип келишет. Мына, айрым кошоматчылар Исаеваны Чүйдөн чыккан чыгаан аялзаты катары баалашат. Андай зоболосу бийик экен (мейли парламенттен мамлекет үчүн кыйраткан иши болбосо дагы), келгиле, жок дегенде элге кандай жардам бергенине көңүл буралы? Журналистгерди үйүнө чакырсын, ой бөлүшсүн, баралы! Баса, гениалдуу акын Омор Хаям: «Падыша бол, кайырчы бол баары бир, өлүм үчүн бирдей сенин катарың» деп таамай жазгандай, бул дүйнөдө кепеде жашайсыңбы, же ак сарайдабы, аягында ичер сууң түгөнгөндө бир кепинге оролуп, караңгы көр астында кала турганың айныгыс чындык. Мына ушул акыретти эжекебиз ойлой жүрсө, жетим-жесирге, колунда жок бечараларга жардам берсе деген гана тилек. Балким күнөөлөрү жуулат беле?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: