Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: «ЕАЭБдин авторлору Путин менен Назарбаев бирикменин тарап кетишине кызыкдар эмес»

Бөлүшүү:

— Өмүрбек байке, сиз Кыргызстан ЕврАзия Экономикалык биримдигине кирип жатканда каршы турдуңуз эле. Ошондо бул уюмга өтө ишеним артуу болбойт деп айтканыңызды, кечээ президент кайталады. Президенттин сүйлөгөн сөзүн уккандан кийин, убагында ойлонуш керек болчу деген ойго келдиңизби?

— Кандай биримдик болбосун алар бир жалпы баалуулуктан жана бир деңгээлдеги субъекттерден түзүлөт. Мисалы, Евробирикме, алар демократиялык системадагы өлкөлөр жана өнүгүү деңгээли бирдей. Ошол себептен Евробирикме туруктуу жана кеңейип баратат. А биздин бирикмеде авторитардык президенттер башкарган өлкөлөр, биздин экономикалык деңгээлибиз нефти-газга бай Россия менен Казакстанга теңеле албайт. Бизде аз да болсо демократиялык жылыштар бар, парламенттик системага өткөнгө аракет кылып атабыз. Президентибиз да мезгили бүткөндө бийликти тапшырып кетип жатат. Мунун баары түшпөс хандарды кыжалат кылат. Казак президенти бизге президенттик системаны жактаган Бабановду таңуулаганга аракет кылды. Ушинтип проблемалар ар дайым чыга берет. Бул бирикме келечексиз бирикме экенин Атамбаев эми түшүндү окшойт.

— Эгер Казакстан чек арасындагы тосмону албаса, ЕАЭБден Кыргызстан чыгабыз деген ойду айтып жатат. Араң кирген уюмдан баш тартып койсок абал мындан да оорлоп кетсе келечек кандай болот?

— Бул абалды курчутпоо керек. Сен жакшы деп коюп өзүбүздүн реформаларды жүргүзө алсак утабыз. Эгер чындап чыгабыз десек бизди да Украинадай кылышат. Мезгил баарын ордуна коёт. Же эшек өлөт, же падыша өлөт дегендей эле кеп.

— Сиз да Италиядан алма көчөт алып келип, алма өстүрүп, аны Европага сатам деп жатасыз. ЕАЭБге кирген Казакстан чек арасын жаап олтурса, товарыңызды кайсыл жол менен Европага алып чыгасыз?

— Эң негизгиси конкуренцияда жеңип чыга турган продукция чыгарыш керек. Андай продукцияны кай жакка болсо да сатса болот. Мисалы, Кытайга, Афганистанга, Индияга, Эмиратка… Бирок, таарынычтар жазылып жол ачылат деп ойлойм. Анткени, ЕАЭБдин авторлору Путин менен Назарбаев бирикменин тарап кетишине кызыкдар эмес. Россия Грузияга блокада кылган. Бирок, Грузия бир-эки жыл кыйналып, азыр жаңы базарларды таап, чыгарган винолорун жана башка товарларын бүт дүйнөгө сатууда. Азыр Европага темир жол ачылып жатат. Автожол да болооруна аз калды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: