Menu

Марат Иманкулов, генерал-майор: «Менден өч алуу максатында жок кылуу боюнча буйрутма беришиптир»

Бөлүшүү:

— Марат мырза, коомчулукта атайын кызмат бийликке оппозициялык көз карашта болгон саясатчылар менен гана алек болуп калды деген сөз басымдуу болуп жатат. Сиз Коопсуздук кызматында иштеп кеткен жетекчи катарында, аталган кызматтын бүгүнкү күндөгү абалына кандай баа бересиз?

— Азыркы Коопсуздук кызматынынын абалын өзүбүз деле көрүп жатпайбызбы. Алгач бул коопсуздук кызматы көп тармактуу экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Анткени аталган кызмат жалаң эле саясий оппоненттердин артынан түшүп албастан, мамлекетибизге жана элибизге терс таасирин келтирген коркунучтар жана чакыруулар менен күрөшүшү керек. Улуттук коопсуздукка жеңил ойлуулук кылып аны менен ойноого болбойт. Коопсуздук көп багыттуу тармак болгондуктан, буга сырткы күчтөрдүн иш-аракеттеринин баарын көзөмөлгө алган контрчалгындоо иштери да кирет. Тагыраак айтканда чет элдик террордук жана башка экстремисттик уюмдардын, ошондой эле атайын кызматтардын бизге келтире турган бүлдүрүү, чалгындоо иштерин алдын ала билип турушубуз зарыл. Биз шахмат оюнундагыдай алардын 4–5 жүрүштөрүн күн мурунтан билүүбүз кажет. Ошондо гана мамлекетти, коомду коопсуздукта сактап калганга мүмкүндүк түзүлөт. Андан тышкары, бизде мамлекеттик жашыруун сырлар бар. Алардын тийешеси жок башка адамдарга, уюмдарга өтүп кетпесин камсыз кылышыбыз керек. Экстремизм, терроризмди айта турган болсок, бул өзүнчө бир чоң багытка кирет. Ошолордун баарын комплекстүү башкарып, уюштуруп, коркунучтардын баарын билип, аларды болтурбоо үчүн чоң мамлекеттик масштабдагы иштерди жүргүзүү кажет. Кесипкөй эмес, билими, тажрыйбасы жок адам ошондой чоң масштабдуу иштерди уюштура алабы? Эч качан уюштура албайт. Баардык тепкичтерди басып өтүп, баардык тармактарды жакшы өздөштүрүп билген атайын билими бар адам гана ошону уюштура алат. Башка эч ким уюштура албайт. Биз коопсуздук маселесин эч качан тобокелчиликке салбашыбыз керек. Болбосо эртең элибиздин убалына калып калгандан тышкары мамлекетти да жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу ачык, түз айтып койгонум үчүн мени душман көрүп жатышпайбы.

— УКМКнын төрагасы мага ачык эле эрегишип жатат деп айткыңыз келип жатабы?

— Мага ушул шайлоонун алдында абдан ишенимдүү булактардан маалымат келип түштү. Аны ачык эле айтайын. Учурда укук коргоо органдарында иштеп жаткан кызматкерлердин ичинен түшкөн маалыматка караганда, өзүмдүн саясий көз карашым менен азыркы Коопсуздук кызматына коркунуч жаратып жаткан экенмин. Анткени аталган кызматтын жетекчисин катуу сындап койгом да. Ошон үчүн булар менден өч алуу максатында буйрутма беришиптир. Бирок кандай буйрутма экендигин тиги кызматкерлер ачык айтышкан жок. Жөнөкөй жагдайдагы кырсык деп бүтүргүлөрү бар. Коопсуздук кызматынын башында турган адамдар өзүнүн кызматкерлерине табыштай алышпайт. Себеби ал жерде иштегендердин көпчүлүгү менин шакирттерим болгондуктан, аларга тапшырма бере албай Ички иштер министрлигинен суранышыптыр. Ал жерде иштеген офицерлер да мени абдан сыйлашат. Ошолордун ичинен тандап бирөөсүнө тапшырма беришкендиги тууралуу ал жердеги кызматкерлерден маалымат алдым. Алардын аты-жөндөрүн атай албаймын, анткени аларды жок кылат же иштен айдашат.

— Ал маалыматты кайсы учурда алдыңыз?

— Президенттикке өзүмдүн талапкерлигимди койгондон кийин ушундай маалымат түштү. А мен тиешелүү шайлоочулардан кол топтоп БШКга тапшырардын алдында таза шайлоо болбосуна көзүм жеткендиктен, өзүмдү дагы, командамды дагы жөн эле убара кылбайын деп талапкерлигимди алып салдым.

— Сизде дагы мени жок кылып коюшу мүмкүн деген коркуу сезими күч турбайбы?

— Булар мени жок кылып коюшу мүмкүн. Бирок ошону менен эле булардын проблемасы чечилип калбайт. Мен булардан коркпойм. Бүгүн бир Иманкуловду жок кылса, эртең мендей адамдын ону, бүрсүгүнү жүзү пайда болсо, аркы күнү миңи пайда болот. Ошон үчүн бул мага проблема эмес. Анткени мага окшоп түз сүйлөп, ачык айта турган миңдеген Иманкуловдор чыгат. Эгерде ушундай жолго бара турган болушса, анда булар өздөрүнө өздөрү түз өкүм чыгаргандыгы. Бирок кандай жолго барышпасын мен алардан коркпойм. Мен корксом саясатка аралашпайт элем. Ушинтип ачык сүйлөмөк эмесмин. Мен корко турган жерде жашаган жокмун. Өзүмдүн мамлекетимде жашап жатам. Өзүмдүн мамлекетимдин келечеги үчүн сүйлөп жатам, анын келечегине кайдыгер карабайм. Бул мамлекетте менден тышкары балдарым, неберелерим жашашы керек. Алар дагы укуктуу, демократиялуу ачык мамлекетте жашасын деген максатта өзүмдүн сын-пикирлеримди айтып жүрөм. Ачуу чындыкты мен айтпасам, башка бирөөлөр айтпаса, анда ким айтат? Буга чейин мурдагы эки президенттин кемчиликтерин өздөрүнө ачык айтпай жүргөндүктөн аягы эмне менен бүттү эле?! Мен активдүү саясий позициямдан таптакыр кайтпайм. Бирок мен аларга эскертип коёюн, эгерде алар ошондой жолдорго бара турган болушса, анда өз жазаларын 40 жылдын ичинде эмес, 40 күндүн ичинде алышат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: