Menu

Артур Медетбеков, генерал-майор: «Бажы тармагын “Комбайн”, “Кошелёк”, “Трактор” деген ар кандай ысымга ээ болгон адамдар иштеткен»

Бөлүшүү:

— Артур мырза, президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланды. Эми айтчу сөздү кенен-кесири айтканга мүмкүнчүлүк бар. Сиз өткөн шайлоо тууралуу кандай пикириңизди айтасыз?

— Быйыл өлкөбүздө чоң саясий процесс – бул президенттик шайлоо болду. Бул шайлоодо биздин жарандар “Кыргызстандын келечеги кандай болот?” деген ниет менен президентти шайлаганга болгон аракеттерин жасашты. Талапкерлер абдан көп болду. Ачыгын айтканда талапкерлердин арасында президенттикке татыктуу жарандар бар эле. Бирок тагдырдын тамашасыбы, тилекке каршы алардын каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан эң негизги таймаш Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда болду. Бирок экөөнө байланышкан шайлоо өнөктүгүндөгү окуялар Кыргызстандагы элди кандайдыр бир деңгээлде эки жээкке бөлгөндөй көрүнүштөрдү көрсөтүп койду. Себеби, мындан жарым жыл мурун мамлекет башчысы Атамбаев таза шайлоо өткөрөрүн, үгүт иштерине кийлигишпесин айткан эле. Бирок тилекке каршы анын айткан сөздөрү менен жасаган иштери дал келбей калды. Анткени мамлекеттик телеканалдар, айрыкча КТР үгүт учурунда бир нече талапкерге кара пиарды өзү каалагандай пайдаланып, болбогон эле фактылар менен аларды элге жаманатты көрсөткөнгө аракет кылды.

— Булардан тышкары дагы эмнени байкадыңыз?

— Ачыгын айтканда шайлоого эки жума калганда Атамбаев дагы баардыгын жыйыштырып коюп үгүт иштерине аралашып кетти. Мыйзам боюнча мамлекет башчысы болгондон кийин баардыгына калыс болушу керек эле. Анткени жаманбы-жакшыбы шайлоого аттанган башка талапкерлердин дагы аркасында партиялаштары, колдогон электораты бар да. Бул шайлоодо бир тараптан административдик ресурс колдонулса, экинчи тараптан ошол административдик ресурска массалык маалымат каражаттары да чоң үлүштөрүн кошуп койду. Андан тышкары интернет сайттар дагы көп болду. Бир талапкердин атынан Кыргызстанга эмгеги сиңген 200гө жакын адамдардын кол койгон кайрылуусу да айрым гезиттерге жарыяланды. Ошон үчүн саясий өнөктүк ошол убакта саясий маалымат согушуна айланып кетти. Ушунун баардыгы биздин өлкөдөгү жарандардын ортосундагы кандайдыр бир карама-каршылыктарды психологиялык жактан түзүп койду. Шайлоо процессинде мурдагыдай эле шайтан оюндар аралашты. Андан тышкары көп учурда административдик ресурс пайдаланылып, мугалимдер, маданият кызматкерлери жаштарга кандай таалим-тарбия бергени тууралуу абдан терс көрүнүштөрдү көрсөттү. Президенттик так талаштын негизинде көп талапкерлердин программалары жогорку деңгээлде болбой калды. Бүгүнкү замандын талабына жараша “Кыргызстандын өнүгүшүнө келечекте кандай туура таасирин тийгизет?» деген орчундуу программалары жок экендигин көрдүк. Ал эми адамдар административдик ресурска, коркутуп-үркүткөнгө, жумуштан туугандарын алып койгонуна, же болбосо жанагындай телевидение, радиодон талапкерлерди каралаганга карабай өздөрүнүн туруктуу позициясын көрсөтүштү. Бул дагы бүгүнкү күндөгү адамдардын психологиялык аң-сезими жагынан, саясий жактан кандайдыр бир революциялык жылыш бар экенин көрсөттү. Себеп дегенде 600 миңге жакын адам Бабановго, андан тышкары Мадумаровго 100 миңден ашык адам өзү каалагандай добуш берип коюшту.

— Шайлоо процессине ачык аралашкан криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү тууралуу эмне айта аласыз?

— Эми ачыгын айтышыбыз керек. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биздин ички коопсуздук көптөгөн сыноодон өттү. Мисалга алсак, 1999-жылы өлкөбүздүн аймагына чет элден келген эл аралык деңгээлдеги бандиттик, террордук уюмдардын өкүлдөрү кирип келишти. Аларга каршы согуш болду. Андан тышкары криминалдык топтор 1990–2000-жылдары абдан баш көтөрүшүп, бир топ жаш жигиттер каза болуп кетишти. Канчалаган бизнес структуралар жабылып, канчалаган бизнесмендер кризиске дуушар болушту. Андан кийин 2005–2010-жылдары болгон төңкөрүштө көптөгөн мекендештерибиз жабыр тартып, 90дон ашуун эр-азаматтар каза болуп кетишти. Канчалаган бизнесмендерибиз эки жолу болгон төңкөрүштүн азабын тартып банкрот болгондуктан алардын айрымдары оорукчан болуп калышты. Бул бир жагы. Экинчи жагынан ошол эки жолу төңкөрүш болгондон кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери моралдык, психологиялык жактан абдан чоң депрессия болушту. Айрымдары соттолгон учурлар болду. Мамлекетти, мыйзамды коргойбуз деп алар дагы төңкөрүш болгон сайын күнөөлүү да болуп калышты. Ошол эки жолку төңкөрүштөн кийинки болгон окуялардын негизинде биздин укук коргоо органдарында кандайдыр бир синдром пайда болду. Кокусунан чогулуп митингге чыккан адамдардын саны эки-үч эсе көп болуп кетсе алар мыйзам боюнча карап, байкоочу боло тургандай сезилип калды. Эгерде алардын саны аз болсо, анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдын чегинде аларды басып, ордуна коюп, мыйзамды аткара тургандай кандайдыр бир сезим өзүлөрүндө пайда болгондой сезилип калган. Бирок криминалдык фактор менен карай турган болсок тилекке каршы алар мамлекеттик структуралар менен аралашканы, алар менен байланышканы белгилүү болуп калбадыбы. Өткөн шайлоодо эле криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кээ бирлери эрте эле соттун чечими менен камактан чыгып кетишти. Алар шайлоого өздөрүнүн таасирин тийгизди. Түштүктө да, түндүктө да алар ар кандай таасирин тийгизип, ошол жерде иштеп жаткан башка талапкерлердин өкүлдөрүн коркуткан учурлар да болду. Бул ачык сөз. Ошон үчүн ал боюнча бийлик, укук коргоо органдары эч кандай чара көргөн жок.

— Учурда биздин сыртка чыккан мигранттардын террордук актларга аралашып жатканы тууралуу маалыматтар көп айтылууда. Буга эмне дейсиз?

— Бизде акыркы убактарда террористтик идеяга сугарылган, ошону менен жашап, ошону менен халифат курам деген жаштардын саны азыр официалдуу түрдө 700гө жакын деп айтып жатышат. Ал эми официалдуу эмес түрдө миңден ашканын, же канча экенин эч ким так билбейт. Алар Сирияда, Афганистанда, Иракта жүрүшөт. Ал эми экстремисттик идеяларга сугарылып, көптөгөн мамлекеттерде окуп, ошол жактан таалим алып жаткан жаштардын санын бүгүнкү күндө эч ким так айта албайт. Акыркы убактагы Кыргызстандан чыккан биздин жарандарыбыздын ошол эле Санкт-Петербургда, Казакстанда, Түркияда ар кандай террордук актыларга байланыштуу ошолор жардырган деп кармалып шектелип жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Негедир Кыргызстандан кеткен мигранттар кандайдыр бир деңгээлде ошол террористтик уюмдардын базасына айланып кеткендей болду да, акыркы эки-үч жылдын ичинде.

— Кылмыштуу топтордун жаштарга тийип жаткан терс таасирине да токтолуп кетсеңиз…

— Эгерде алгачкы президенттердин убагында Кыргызстанда бир-эки эле мыйзамдагы ууру болсо, азыркы кезде алардын саны төрткө жетти. Алар өлкөнүн аймагын бөлүп алышып тийиштүү уюшулган кылмыштуулук менен согуш иштерин жүргүзүп жатышат. Албетте, бул биздин ички коопсуздукка абдан чоң тескери таасирин тийгизе баштады. Себеби уюшулган кылмыштуу топтун лидерлеринин жаштарга кесепети тийип жатат. Анткени жаштардын көбү азыр криминалдык түшүнүк менен жашап калгандай сезим пайда болду. Алар бул чөйрөнүн адамдары бай жашашат, аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери тийишпейт деп кызыгышып, жеңил ойлуулукка алдырып жатышат. Кээ бирөөлөр муну өздөрү үчүн университет катары сезип алышкан. Экинчи жагынан динге катуу ишенип жатышат. Бирок дин аркылуу экстремисттик идеяларга алданып, зомбулук иштерге барган учурлар көбүрөөк болуп жатат. Буга жумушсуздук да терс таасирин тийгизип жатат деп баса белгилеп кетмекчимин.

— Жакында эле Казакстандын премьер-министри Кытайдан Кыргызстанга кирген товардын суммасы боюнча маалымат берип, ачуу чындыкты көтөргөндөй болду. Сиз да бажыдагы коррупция боюнча маселе көтөрүп жүрдүңүз эле. Казактар айткан цифралар чындыкка дал келеби?

— Биздин өлкө Бажы Союзуна кире электе эле ушундай көрүнүштөр болчу. Кытай товарларды чыгарып жатканда бул жактан соодагерлер товардын өлчөмүн көбүрөөк кылып көрсөтүшөт. Себеби товардын баасына жараша кийин алар өздөрүнүн тиешелүү салыктары боюнча кайра товар алышы керек. Экинчиден алар баасын көбүрөөк көрсөтсө кийин акча каражаттарын Кытайга алып бара турган болсо, анда баага жараша өздөрүнүн декларациясын көрсөткөндөй болот. Бирок булардын баардыгы ачыгын айтканда коррупциялык иштер менен аралашып кеткен. Бажы тармагын “Комбайн”, “Кошелёк”, “Трактор” деген ар кандай ысымга ээ болгон адамдар иштеткен. Бүгүнкү күндө Бажы тармагын “Миллион”, “Миллиард” деген каймана ысымдарга ээ болушкан адамдар иштетип жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жатпайбы. Ал тургай муну Таласта премьер-министр дагы айтып кетти. Кытайдан Кыргызстанга өткөн товарлар боюнча мындан эки-үч жыл мурун Белоруссиянын президенти Лукашенко:  “Эй карабайсыңарбы! Силердин Бажы тармагыңарда тешик бар” деп ачык эле айткан. Биз эми Бажы союзуна киргенден кийин Кытай менен чектешкен чек арадан өткөн товарлар тууралуу маалыматтарды бул союзга кирген башка мамлекеттер билишпейт деп ойлобошубуз керек. Алар чындап текшеришсе бул жакта эмне болуп жаткандыгын тез эле таап чыгышат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: