Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, Бабанов эки берене боюнча айыпталууда: КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-берененин 1-бөлүмү (“Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо”) жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (“Улуттар аралык кастыкты козутуу”).
Кылмыш ишин козгоого негиз кылып Башкы прокуратура Бабановдун 28-сентябрда Оштун Он-Адыр айылында шайлоого үгүт жасап жатып сүйлөгөн сөзүн алгандыгын айтууда.
Мындан аркы иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн Башкы прокуратура ишти КР УКМКга жөнөттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ