Menu

“Сен үчүн башбайгени эчак илип кетмек экенмин!”

Бөлүшүү:

Бу үмүт кургурга айла жок экен. Күнүнө ушундай. Сени ойлойм. Кыялымда кээде сен төрөлүп өскөн Сары-Камыштын жака-белиндеги талааларда кыялай басып жүргөн болом. Түндөсү түшүмдө «бирге боло албайт окшойбуз» деген ишарат астында кирип жатыпсың. Эртең менен маанай түшүп отурсам, досум чалат. Шарт эле түндөгү түштүн таржымалын айтсам, «түшкөошондой-тескери багытта кирсе, өңүңдө ал оң жагына түшкөнү» деп акылынын жетишинче жоруп койду. Кубанып калдым. Көңүл деген баарынан бийик ээ?

Интернеттен күнүгө сенин жылдыздуу чырайыңды сүрөттөгөн бирдеме жазымыш болом. Көөдөн жибийт. Алып учам. Эгерде кыргыздын жагымдуу кыздарынын образын чагылдырган дил баяндарга сынак жарыяланса, мен сенин жылдыздуу жамалыңды чагылдыра сүрөттөп, башбайгени эчак илип кетмек экенмин. Билесиң го, сен үчүн баарына даяр болуп, эч кимди алдыма салбастыгымды.

Сыртта күздүн күнүндө куру эмес той-аштары биринен сала бири сабалап өтүп жатат. Кезек бизге да келишин күн сайын тиленчү болдум. Кымыңдап. Айланамдагылардын баары «качан? Качан? Качан?» деп сүрсүтө турган болду. А мен баралына келип турган куш сымал баарына даяр турам. Болгону сен дагы сол канатыма канат-бутак болсоң, ошондо экинчи канатым да күүгө келип, алыстарга учат элек.

Жакында сен жөнүндө жазгандарымдын баарысын чогултуп, кыскача жыйнак кылып чыгарсамбы? Анда эле кыргыздын жылдыздуу, жанга жугумдуу кызынын образын бүтүндөй элге даңазаласам, келечек муундагы жаш секелектерге үлгү болуп калаар белең? Үлгүлүү үжүрүш-турушуң менен. Тарых болуп. Болгону үмүттөргө суу сеппесец экен… Ой-кыял, үмүттөрдүн баарысы сенсиң. Балким ичимдеги изги тилектеримдин баарысы келечекте турмуш чындыгына айлансачы? Муну Кудайдан да тиленем!

АКЖОЛ, Бишкек шаары

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: