Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы качкындар лагеринин жанында болгон 5-ноябрдагы теракттан кеминде 75 киши мерт болуп, 140ы жаракат алды. Бул тууралуу Сирия укук коргоо борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, мина коюлган автоунаанын жарылуусунан каза болгондордун арасында ондогон сириялык качкын бар.
Алар өлкө аймагындагы жихадчылар, өкмөттүк күчтөр жана куралдуу оппозиция ортосундагы согуштан качып, Дейр-эз-Зор провинциясында башкалка табышкан.
Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Буга чейинки бул сыяктуу кол салууларды «Ислам мамлекети» террордук тобунун куралдуу топтору уюштуруп келишкен.
Бир нече күн мурда Сирия өкмөтү өлкө чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясынын административдик борборун өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Анда «Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын чыгышына, Ирак менен чек арага жакын чөлдүү аймактарга чегингени кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ