Жогорку Кеӊеште «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбоору чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө жаралган маселелерди чечүүдө 2017 жылдын 3-февраль күнүнөн баштап түзүлгөн №64 «Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө коюлучу тартиптен минималдуу талап боюнча Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бул мыйзам долбоорунда «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине “Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө тартип ченеми КР Өкмөтү тарабынан белгиленсин” деп өзгөртүү киргизүүнү сунушталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ