Menu

17-ноябрда Жогорку Кеӊеште жаӊы республикалык бюджет долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

Бөлүшүү:

17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү менен төмөнкү мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

1. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

2. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

3. «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы:

Жогорку Кенештин жыйындар залы. 2017-жылдын 17-ноябры, саат 14:00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: