Menu

Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуп келген эл өкүлдөрү алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү аракетинде

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында чет элде жүргөн эмгек мигранттардын көйгөйлөрү аткаруу бийлигине жолдонду. Бул туурасыда Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева жана Жанарбек Акаев Орусиядагы эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келишкен. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, мигранттардын балдары өз маалында паспорт ала албай жатат. Ошондой эле Орусиядагы мекендештердин балдары мектептерин бирдиктүү мамлекеттик экзамент менен бүтүрүп, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай, жогорку окуу жайларына тапшыра албай кыйынчылыкка тушугууда. “Дагы бир маанилүү маселе – мигранттардын укуктук жактан корголбой жатышы. Чет жердеги мекендештерге консулдарыбыз укуктук жактан көмөк көрсөтмөк турсун, кабыл албайт жатыптыр. Дегеле консулдук кызматты кандай жарандарга берүү жаатында укуктук-ченемдик акт иштеп чыгуу керек экен. КР Омбудсмендин биринчи орун басары түздөн-түз мигранттар менен иштетсе”,- дейт эл өкүлү.

Ал эми депутат Аида Касымалиева Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында базарда өрт чыгып, анда иштеген мигранттарыбыздын контейнерлери менен кошо саткан товарлары, акча каражаттары күйүп кеткендигине токтолду. А.Касымалиева аларга ипотекаларын, насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү маселесин караштырууну сунуш кылды. Ошондой эле ал жактагы мекендештер Бишкек – Ростов-на-Дону – Бишкек авиа каттамын ачуу маселесин чечип берүүнү суранышкан.

Депутат Жанарбек Акаев Орусиядагы мекендештердин жакында эле болуп өткөн Президенттик шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган күндө деле катыша албай калгандыгын маалымдады. “Дегеле эмгек мигранттардын жашоо-турмушун чагылдырып турган телеберүү ачуу керек экен”,- дейт Ж.Акаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: