Шайлоо учурунда бийликтин талапкери болуп Сооронбай Жээнбеков чыкканы менен азыркы бийликке оппозиция болуп, тер чыгарчу сөздөрдү айтып жүргөн оппозициянын кыйындары Сокеге чындап, катуу сөз айта албады. Көрсө, Равшан Жээнбеков баштаган бир топ оппозиционерлер алдын ала чогулушуп, “Бул шайлоодо Соке жеңишке жетет. Аны азыркы бийликке байлап сындаган туура эмес. Ал жеңишке жетип, президент болуп ишке киришкенден кийин азыр бийликте олтургандар менен келишпестик жаралат. Соке өз алдынча саясат жүргүзө турган инсан. Биз ошондой кыйын кезде Сооронбай тарапта болобуз” деп сүйлөшүп алышыптыр. Керек болсо жаңы президент менен компромисске бара тургандай болушуптур. Акылдуу кишиге бул абдан туура жол. 20 жылдан бери ит-мышыктай ырылдашып оппозиция менен позиция эмнени кыйратышты? Иштейм деп аткан кишиге кол кабыш кылып көтөрмөлөш керек да акыры, бир нерсени үзүп алайын деп жулуна бербестен.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ