2017-жылдын 9-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Чаек айылынын Э.Матыев жана Айылчиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен 8 жаштагы И.Х аттуу баланы сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган бала аймактык ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Бул туурасында Нарын ОИИБнин ПМБ билдирет.
Андан соң, жабырлануучунун 48 жаштагы С.Г. аттуу энеси Жумгал РИИБне арыз менен кайрылган. Жумгал РИИБнин жана Нарын ОИИБи боюнча ПМБнын өздүк курамы ыкчам-издөө иш-чараларын уюштурушкан. Натыйжасында Жумгал РИИБнин патрулдук милиция тобунун кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары “Субару-Импреза” үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы А.М. аттуу айдоочусу, Чаек айылынын тургуну кармалган. Тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Автоунаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочу Жумгал РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ