“Алмас Атамбаев “кара” президент болду, анын бийлиги азыр “каралардын”, бандиттердин колдоосу астында гана сакталып турат. Алмас Атамбаев тезинен отставкага кетиш керек!”, – деп сүйлөдү бүгүн, 14-мартта Жалал-Абадда өткөн бийликтин элге каршы саясатына нааразычылык митингинде бир кездеги Атамбаевдин санаалашы, азыркы оппозиционер Бектур Асанов.
“Он күндөн кийин, 24-мартта Ошто элдик Курултай өтөт. Алмас Атамбаев өз эрки менен отставкага кетип калыш үчүн 10 күн убакыт беребиз. Эгер өз эрки менен кетпесе анда мыйзам жолу менен кетиребиз!”,- деди 2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төнкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөт тарабынан Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалган Бектур Асанов.
Митингдин катышуучулары бүгүнкү бийликтин социалдык саясатын кескин сынга алып, электрэнергияга, газга тарифтерди кайра төмөндөтүүнү, мугалимдерге жана врачтарга айлыкты көбөйтүүнү, Жалал-Абадда топтолгон салыктардын көбүн Бишкекке алып кетпей облуста калтырууну талап кылышып, бийликке 10 күн убакыт беришти.
Булак:Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ