Menu

Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  улуттук валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана көрүлүп жаткан чаралар, банк  жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан  аракеттер туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев   жарандардын жана ишкерлердин  кызыкчылыктары үчүн финансылык ресурстарды натыйжалуу  мобилизациялай турган  өлкөнүн финансылык-кредиттик мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштешинин маанисин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: