Menu

Искендер Матраимов, ЖК депутаты: “Кыргызстан үчүн мынча министрликтин, ведомствонун кереги жок”

Бөлүшүү:

– Искендер Исмаилович, комитеттин отурумунда бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча аябай жакшы сунуштарды айттыңыз. Чындыгында эле артыкбаш чыгымдар көп болуп жаткандай.

– Мына менин депутат болгонума төрт жыл болду, төрт жылдан бери бул маселени көтөрөбүз. Төрт жылдан бери биз бюджетти дефицит менен кабыл алабыз. Социалдык объектилер: мектеп, балдар бакчалары боюнча бизде абдан көп маселелер көтөрүлөт. Ошол эле учурда биз кабыл алган бюджеттин дээрлик жарымы (былтыр премьер-министр 48 пайыз деп айткан, быйыл болсо каржы министрлигинин өкүлү 30 пайыз деп атат. Кайсынысына ишенээрди билбейм) айлык акыларга кетет. Андан башка транспорт, командировка чыгымдары бар. Ошол эле учурда пландаштырылган объектилерди толук бүтө албай, өкмөт сынга кабылууда. Өткөндө интернет булактан көрдүңөр, Нарында контейнерден мектеп ачышып, социалдык тармактарда кандай талкуу болду. Бул көйгөйлөрдү чечсе болот. Анүчүн ашыкча чыгымдарды кыскартуу зарыл.

– Бизде айлык акыларга ИДПнын 9 пайызы сарпталса, башка өлкөлөрдө 3,5 эле пайызы кетет экен.

– Мен 2010-жылы Финляндияда 10 күн окуп келдим. Айыл чарба министри күнүгө жумушка велосипед менен келет экен. Башка министрлер деле кээ бири трамвай менен келет, кээ бири троллейбус менен келет. Биз деле ошого көнүшүбүз керек да. Мына, депутаттар өзүбүздүн машинабыз менен эле жүрөбүз го. Ар бир министрликте жолтандабас машиналар бар. Аларга ай сайын 240 литрден бензин бөлүнөт. Бул бензин албетте, жетпейт, калганын башка беренелерден алышат. Туура, министрге машина зарыл, оперативдүү түрдө бир жактарга барышы керек болот, ал жөнүндө сөз жок. Бирок, орун басарлары кечке кабинеттеринде эле отурат да. Машинасы болсо анын балдарын мектепке, аялын базарга ташыйт. Андан көрө бир дүжүр машинаны коюп койсо, баарына жетишет эле. Анан борбордук аппараттарды болушунча кыскартып, чечүүчү кызматгарга күчтүү кадрларды коюп, ошолордун айлыктарын көбөйтүш керек. Бүгүнкү күндө министрликтер региондордон маалымат чогултуп эле отурушат. Анын баары компьютер аркылуу болуп калган.

Мен айтып атам, бир эле министрликти эксперимент кылып, кыскартып көрөлүчү, орун басарларын, машиналарын. Кыргызстан үчүн мынча министрликтин, ведомствонун кереги жок. Швейцарияда алты эле министрлик бар экен. Болбосо бюджети бизден беш-он эсе жогору, эли да көп.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: