Menu

Олжобай Шакир, акын: Эки элди эриктирбес, бир элди бириктирбес АША үчүн Анатай авадан кечирим сурайм

Бөлүшүү:

Коомго массанын үнү башка, аттуу-баштуулардын үнү башкача экенин кечээтен бери Анатай Өмүркановдун
ырын окугандар туйдук. Айтыла турган сөздү айттыңыз. Таазим Сизге, Анатай ава! Чыныгы атуул гана ушинетип жарылмак. Сабырыңыз түгөп, көкүрөгүңүздө тиреп келген ыр саптарыңызды акыры каңырык түтөгөндөн улам жазганыңызды туюп, көзүмөн жаш тегеренип турду. Дароо телефон чалып, куттуктагым келди. Телефонумду албадыңыз. «Таарынтып алган экемин» дедим өзүмдү жемелеп. Жок, таарынбапсыз. Жекшемби күнү таң эрте чалганым үчүн үч жолку телефон чалуумду укпай калыптырсыз. Бир убакта өзүңүз
чалдыңыз мага. Айкөлдүктөй улуулук болорбу… Айкөл Манастын тукуму өзүңүз экенсиз… Телефондогу
үнүңүздү укканда – тирегим атам тирилип келгендей, өнө боюмда кубат пайда болду! Дем-күчтү эл Сизден
алып чыйрала түштү кечээтен.

Таластык жердештериңизди Абыке, Көбөштүн тукуму деп кемсинткен Атамбаевге өзүңүздөй айбаты бар
аттуу-баштуу аксакалдар үн катпай отурганы үчүн өткөндө Сиздин дарегиңизге да сөз тийгизип, чынында
аксакалдарга таарынып отургамын. Төрүбүздө Бакай атадай урматтуу болуп, эл баатыры атанган Бексултан
Жакиев калыс кебин айтса дедим эле. Унчукпай отуру… «Таластык жердештерин Абыке-Көбөштүн тукумуна
теңеген ажонун кебине арданбаган акын агабыз Анатай Өмүрканов кылчактай турчу жерде беле?!» деген
күйүтүмдү жазгамын. Окуптурсуз жазганымды. Таарынбапсыз дагы. Кекчил эмес, АЙКӨЛ экенсиз.

Кекчил адам ким экенин жамы журт көрүп атыр… Таластыктарды Абыке, Көбөшкө теңеп оозунан көбүк
чачыраганча басынткан Атамбаевдей кекчил падыша, тексиз падышаны кыргыз эзели көрбөсүн келечекте.
Элди бөлүп-жарган, эки элди эриктирбес, бир элди бириктирбес АША өзү Айкөл Манастын тукуму экенинен
шегим бар… Учурдагы кырдаал Сизди да жөн жанкырбаган экен, Анатай ава. Ташты жарып чыккан назик гүлдөй кудурет даарыган акындык кредосу А.Акаев заманында да, К.Бакиев заманында да, А.Атамбаев заманында да сизчелик эч бир акындын көкүрөгүнөн ойгонгон жок! Сиздин улут үчүн чычаладай чыркырап күйгөн акын экениңизге үч жолку адилетсиз бийликтин тушунда күбө болдук.

Үч падышанын тең дарегине сиздей ачуу тил менен ыр жазган акындар өтө аз болду. Болбой эле
Сиз жазат экенсиз ачуу ырды. Ырыңызда эч бир жымсалдоосуз, кылтың-мылтыңы жок кайрылыпсыз!
Түз жазыпсыз. Аттиң, көзү тирүү болгондо – акын иниңиз Тургунбек Бекболотов тилин тишине катып жатпайт эле. Таластык жердештерине тил тийгиздирбейт болучу ал даа! Сизге эш болор туйгундун туурунан эрте учуп кеткенин караңызчы. А башка Сиз менен үзөңгүлөш келаткан акын инилериңиз тилдерин тишине катып отуру! Аман болушсун… Түз жазганыңызга чычалаган бийликтин кандектери Сиздей арстанга кечээтен баштап арсылдап үрүп башташты. Айдакка көнгөн иттер гана ошентип авалайт. Авалашсын, Абыке-Көбөштөр! А Сиз Айкөлдүн тукумусуз!

Булак: ruhesh.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: