Menu

Фото – Депутат Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары да катышты. Бул туурасында Жогорку кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маркумдун эл өкүлү катары аткарган иштерин эске салган Төрага: “Улан Сапарбекович кыска өмүрүндө кыйла барандуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган алгылыктуу идеялардын башында турду. Депутат катары эл көйгөйүн көп көтөрүп, өз журту үчүн жан үрөп кызмат кылды. Андыктан, анын кылган эмгеги эч унутулбайт, эл эсинде түбөлүк сактала берет”, – деди.

Маркумдун сөөгү ордо калаадагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Кошумчалай кетсек, бөйрөк оорусуна байланыштуу шаардык бейтапканалардын биринде даарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин эки жолку чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаев 11-ноябрь күнү кечинде каза болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: