Ушул күндөрү сот аппараттарынын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID/IDLO программасынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулган. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Комплекстүү программа боюнча I – инстанциядагы сотторунун аппараттарынын бөлүм башчылары жана жергиликтүү соттордун соттук отурумдарынын катчылары үчүн окутуу өткөрүлүп жатат.
Окутуу беш күнгө созулуп, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө. Ушундай эле окутуу бөлүм башчылар үчүн 2017-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин, катчылар үчүн 2017-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин жана 2017-жылдын 27-ноябрынан 2-декабрга чейин өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ