Menu

Инновациялык биотехнология тармагындагы изилдөөлөр жарык көрдү

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны басылып чыкты. Атайын чыгарылышка генетикалык изилдөөлөр, микроорганизмдердин жана өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы, мал чарбачылыгындагы генетика жана биотехнология, инновациялык биотехнология тармагындагы изилдөөлөр жарыяланды. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

УИАнын Биотехнология институтунун директору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор А.Жунушовдун “Кыргыз Республикасындагы жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүн жана микроорганизмдерди генетикалык илимий изилдөөлөрдүн абалы жана келечеги” деген макаласы жарык көрдү. Анда автор генетикалык илимий изилдөөлөрдүн абалы жана келечектеги кадамдары жөнүндө маалымат берип, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин генбанкын түзүү маселесин койгон.

Ошондой эле окумуштуулар А.Исакунов, Е.Гладырь жана Е.Лущихина Кыргызстандын мал чарбасындагы жандыктарды биринчи жолу геном изилдөөсүнө алышкан. Анын натыйжасында микросателлит маркеринин жардамы менен топоздун түрлөрүнүн салыштырмалуу айырмачылыгын жана койлордун тукум берүү жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин BMP-15 жана ESR гени аркылуу аныктай алышты.

Илимий эмгектердин арасына өлкөдө топоз өстүрүү маселелерин изилдөөгө алган макала дагы киргизилди. Журналдын “Инновациялык биотехнология” деген бөлүмүнө Е.Лущихина, М.Сүйүнтбеков, Б.Раимжанов жана Ж.Акжолтоевдердин биргелешип изилдеген “Жүндү өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуудагы инновациялык иш жүргүзүүнүн тажрыйбасы” деген илимий изилдөөсү жарык көрдү.

Маалымат үчүн: КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 37-декабрындагы №246 токтомуна ылайык, “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан макалаларга 20 баллдык рейтинг ыйгарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: