Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылган. Арызында 2017-жылдын 3-ноябрь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Медеров көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан 17-20 жаштардагы белгисиз жаран күч колдонуу менен арыздануучунун баласынын баасы 15 000 сомдук “Самсунг-Гелекси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгондугун билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облусунун М.А. аттуу 17 жаштагы жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле, Ленин РИИБне 2017-жылдын 6-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Кулиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен 30-35 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуу менен жабырлануучунун колунан «Самсунг-Гелекси» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткендиги тууралуу арыз келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы Р.Н. аттуу жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ