Menu

Бабанов азыр кара башын куткаруунун камын көрүп калганбы?

Бөлүшүү:

Көпчүлүк Ө.Бабанов президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин бүгүнкү, эртеңки бийликке №1 оппозиционер болот деп ойлошкон. Анткени Ак үй армиясынын болуп көрбөгөндөй тескери агитациясына карабай экинчи орунду алып, 600 миңден ашык шайлоочунун колдоосуна ээ болгон эле.  Бирок, 13-ноябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кеткендиги тууралуу күтүүсүз кабар жогорудагы электораттын үмүтүнө суу сепкендей болду. Аталган партиянын катчылыгынын билдирүүсүндө, Ө.Бабанов фракциянын мыйзам долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусу жана социалдык-экономикалык саясатта мурдагыдан да бекем болуусу үчүн ушундай чечим кабыл алыптыр. Ал эми фракция мүчөлөрү мындай чечимди бир добуштан колдоп беришти. Тилекке каршы өзү азыр Россияда дарыланып жүргөн Ө.Бабановдун алыстан эле ушундай “дубай салам” жибергендиги көптөгөн суроолорду жаратууда. Себеби ага карата Башкы прокуратура шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда Оштун Он-Адыр (Амир-Темур) айылында өзбек улуту менен жолугушууда “Бийликке багынып бергенче, тике туруп күрөшкөн жакшы” деген “жалындуу” сөзү үчүн  4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштады жана улут аралык кастыкты козутту деген айыптарды коюп, үч беренеге ылайык кылмыш ишин козгогон.  Андан тышкары да байлыгына байланышкан бир топ соттошуулардын башы чыгууда. Демек, 15-октябрдан тартып өзүн президент элестеткен Ө Бабанов азыр кара башын куткаруунун камын көрүп калган окшойт…

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: