Жол кырсыктары менен «Жүк-200»… Ар бир күнү ушул үрөй учурган кырсыктардан, окуялардан куру эмеспиз. 1994, 1999-жылы төрөлгөн Акирова Мария менен Мадина чек арага кирип чыгууга бара жатышып, жол кырсыгына учурап каза болушкан. Алар Өзгөн районун Шераалы айылынын кыздары экен. Атасы коляскадагы майып болсо, апасы жүрөктөн инсульт алып жаңы айыгып келе жаткан. Эми эки кызынан айрылган шордуу ата-энеге ачуу кабарды угуза албай туугандары убара. Азыр Мордовиядан сөөгүн алып келүүгө жакын адамдары каражат издеп карайлап турушат.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ