Menu

Орусия ТИМи: Тажикстан үчүн ЕАЭБ эшиги ачык

Бөлүшүү:

Орусия Тышты иштер министрлиги “Озоди” тажик радиосунун суроосуна кат түрүндө берген жообунда Евразия экономикалык биримдигинин эшиги Тажикстан үчүн ачык экенин билдирген.

Катта Тажикстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө же байкоочу иретинде кире алары жазылган.

“Озоди” тажик радиосу Орусия ТИМине Владимир Путин менен Эмомали Рахмон Душанбедеги КМШ саммитинде Тажикстандын ЕАЭБге кирүү маселесин талкуулаштыбы деген суроону жолдогон.

28-сентябрда КМШ өлкө башчыларынын саммити Душанбе шаарында өткөн. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Орусия президенти Владимир Путин жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн.

Өз кезегинде Душанбе бул суроого түз жооп бербей, Тажикстан биримдикке кирүүнүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин ойлонуп чыгуусу керек деген.

Тажикстан Илимдер академиясынын Экономика институтунун ага адиси Шамсиддин Жалолов Тажикстан ЕАЭБге кирсе, Орусиядагы жана биримдикке мүчө башка өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын абалы жакшырбайт деп эсептейт. “Кыргызстан бир нече жылдан бери ЕАЭБдин мүчөсү болсо да Орусиядагы Кыргызстан мигранттары Тажикстан жана Өзбекстан мигранттары сыяктуу эле абалда. Бишкек ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин Кыргызстандын энергетикалык тармагы орусиялык Лукойл компаниясы тарабынан “менчиктештирилди”. Эгер Тажикстан ЕАЭБге мүчө болуп кирсе, ТАЛКО компаниясын да ошондой эле тагдыр күтүшү ыктымал деген коркунуч бар”, – деди ал. Анын айтымында, тажик бийлиги коңшу өлкөлөрдүн биримдиктеги тажрыйбасын иликтеп, ЕАЭБге кирүүгө ашыкпай турууну чечкен.

Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү боюнча чечим Орусия, Казакстан жана Беларус башчылары тарабынан 2014-жылы кабыл алынган. Кийинчерээк биримдикке Армения жана Кыргызстан кошулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: