Menu

Мөңгүлөргө байланыштуу Суу кодексине түзөтүүлөр боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады. Ал 14-ноябрда тиешелүү жактар менен коомчулуктагы талаш-тартыштарды жаратып жаткан “Кумтөр” кениндеги Лысый, Давыдов мөңгүлөрүн жеринен барып көрүп келишкенин маалымдады.

Мыйзам долбоорунда мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн тышкары муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген.

Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков сөз болуп жаткан Лысый мөңгүсү буга чейин 10%ы жок болсо, “Кумтөр” кенин иштетип бүткөндө дагы 10%ы жок болоору, 80%ы калаары болжолдонуп жатканын тактады. Ал эми Давыдов мөңгүсү иштетилип бүткөндөн кийин 30%ы калат.

Депутаттар Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев жана Алтынбек Жунус уулу мөңгүлөрдү “Центерра” компаниясы бузган болсо, эмне үчүн аны өкмөт менен парламент мыйзамдаштырып бериши керек деген жүйөөлөрү менен мыйзам долбооруна каршылыктарын билдиришти.

Депутат Исхак Масалиев КР Өкмөтү азыркы колдонуудагы мыйзамдын негизинде эле башка жолдорун таап Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун – “Кумтөр” кенин үзгүлтүксүз иштетүүнү жүзөгө ашыруусу зарыл деген пикири менен бөлүштү. Депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин талкаланган мөңгүлөр үчүн “Кумтөр” кенин иштеткен компания 50-80 млн АКШ долларын төлөп берүүсүн талап кылышыбыз керек деп, мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин чечими менен 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: