Кыргызстанда 1932 үй-бүлө мамлекеттен жардам да, жер тилкесин да алып, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантууда. Анын ичинде жер көчкү коркунучу бар жерлерде 1746, суу ташып, сел жүрүшү мүмкүн деген аймактарда 150, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар жерлерде 36 кожолук бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ