Кечээ, 17-майда Москвадан Оренбург облусунун Бузулук районуна жетип барган шоучу кыз, өзүн “планетанын деми”, “кыргыздын деми” атаган Гүлзат Мамытбек ал жерде чек арадан өтө албай турган кыргыз жарандарынын фонунда туруп түз эле Россиянын президенти Владимир Путинге, казак президенти Касым-Жоомарт Токаевге жана кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.
Гүлзат Мамытбек өзүнүн орус, казак жана кыргыз тилдеринде жасаган кайрылуусунда президенттерден 500 кыргыздын өтүп кетүүсү үчүн чек араны ачып берүүнү суранды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ