Жогорку Кецеште депутаттар бир нече мыйзам долбоорлоруна добуш бериши керек. Бирок, факт жүзүндө 31 депутат отурганы менен 91 депутат каттоодон өттү. Парламентте жалпы 120 депутат бар.
Жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Асел Кодуранова аппаратка депутаттарды чакырууну тапшырды. Бирок бир нече гана депутат жыйындар залына кирди. Адатка айланып калгандай эле, залда отурган депутаттар жыйынга катышпагандардын ордуна добуш берүүнү уланышууда. Убактылары болбосо эл өкүлү болуп эмнеге шайланышты Жогорку Кенештеги жолуң болгурлар!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ