«Кыргыз-Россия Славян университети Россия Федерциясы аралык эки тараптуу мамилелердин пайдубалы болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-ноябрда, Б.Ельцин атындагы КРСУга «Достук» орденин тапшыруу аземинде. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Өкмөт башчы ЖОЖдун жетекчилигин жана эмгек жамаатын жогорку сыйлыгы менен куттуктап, университеттин Россия Федерциясы менен достук мамилелерди чыңдоодогу алгылыктуу салымын белгиледи.
«Менин пикиримде, университеттин өз учурунда негизделиши биздин элдер жана өлкөлөр ортосундагы достуктун мыкты көпүрө катары кызмат кылуусуна шарт түздү. Аталган чечим абдан туура болгон», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр белгилегендей, КРСУ бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан көптөгөн мыкты ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.
Өкмөт башчы ЖОЖ өкүлдөрүн анын бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерин Өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» программасын ишке ашырууга акитивдүү катышып, ага көмөк көрсөтүүгө чакырды.
«Биз сиздерге жана башка университеттерге аталган программаны өркүндөтүү максатында ага карата кесипкөй пикир билдирип, сапаттуу толуктап чыгууңуздар үчүн айрым иштелген материалдарды беребиз», – деди Сапар Исаков.
Мындан тышкары, Сапар Исаков «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн пландарына кеңири токтолду.
«Өлкөнү цифровизациялоо коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Мунун өзү мамлекеттик саясатты туура жүргүзүүдөгү натыйжалуу механизм катары өлкөнү дүркүрөп өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт», – деди Сапар Исаков.
Иш-чаранын соңунда Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен КРСУ «Достук» ордени менен өлкөнүн социалдык-экономикалык, рухий жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланган жана аны ЖОЖ ректору Владимир Нифадьевге тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ