Menu

Дайыр Кенекеев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 17-ноябрда, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 90 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Бул туурасыда өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн атынан айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Сиздер биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана жалпы айыл элин иш менен камсыз кылууда, ошондой эле өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө негизги күч болуп жатасыздар»,- деди Дайыр Кенекеев.

Ал ошондой эле өлкөдө акыркы жылдары «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору натыйжалуу иштеп, учурда мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар, ветеринардык тармакка каражаттар берилип, малды идентификациялоо, үрөн жана асыл тукум чарбаларын колдоо иштери жалпы айыл калкынын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.

«Бюджеттик кыйынчылыктарга карабастан, 2011-жылдан бери «Айыл чарбасын колдоо долбоору» аркылуу 78 миңден ашык товар өндүрүүчүлөргө 24,0 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Өткөн жылы 4,8 млрд сом берилген болсо, быйыл 10 айдын ичинде 6,0 млрд сом берилип, жыл аягына чейин анын көлөмүн 7,0 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Жакынкы беш жылдыкта ирригациялык инфраструктураны куруу, ошондой эле колдогу ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо жана реабилитациялоо жаатында жалпы суммасы 58,7 млрд сом каражат болгон 46 долбоор  ишке ашырылат»,-деди вице-премьер-министр.

Мындан сырткары ал Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” Программасында айыл чарба тармагын жакшыртуу багытында бир катар милдеттер так аныкталгандыгын кошумчалады.

Соңунда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев айыл чарба тармагындагы өз милдеттерин мыкты аткарган бир катар кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: