Бабановду жактаган бакырчаак балдарга “Манас” эпосунан үзүндү окуп берейин деп ташы өйдө кулаган Дайыр Кенекеевдин ордуна отурчулар сынактан сынып жатышабы же кыл куйруктарынын кабыргасы каржайып, шорполугу жок арык болуп жатабы – айтор соода кызуу жүрүп жаткандай. Дегинкиси -Таластын тузу оор деп коюшат. Акаевдин убагында Айдаралиев деген барымтага алынып, Жалал-Абаддан Жээнбеков менен алмашылып аман калган. Азыр иши сотто. Болотбеков деген Бакиев бийлигин Таластан жыга тарттырып, анысы аз келгенсип Конгантиев деген министрди барымтага карматып, ал аман калган. Кечээ жакында Жумакадыров деген вице Таластагы шайлоого даярдыкты жөндөп коем деп баратып жол кырсыгына кабылды. Таластан шайлоодо биринчи орунду камсыз кылдым деген Бабанов куйругун түйүп, каякта экени белгисиз. Ушуларды эстеп, Таласка татыктуу бирөөнү таппай жатышкан го.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ