Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынын маалымдаганына ылайык, ММКФ бюджетинин чыгаша бөлүгү да 13 млрд 429 млн сомду түзөт. Бул тууралуу ММКФ төрагасы Марат Калиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин долбоорун жана 2019-2020-жылдарга карата болжолун талкуулоого арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылдагы бюджети 13 млрд 448 млн сом, 2020-жылдагы бюджети 13 млрд 706 млн сом көлөмүндө болжолдонуп жатканы белгилүү болду.
«ММКФ фонду негизинен камсыздандыруу корунан, анан республикалык бюджет менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Андан тышкары, бюджеттен тышкары түшкөн кирешелерди камсыздандыруу корун толтурууга которуу чарасы сунушталууда», – дейт Марат Калиев.
Андан сырткары, 2018-жылы ММКФ тарабынан пайдаланылбай калган каражат калдыгын республикалык бюджетке кайра албастан, камсыздандыруу корун толтурууга которуу сунушу да киргизилет.
Белгилей кетсек, 2017-жылы өлкөнүн жалпы саламаттыкты сактоо тармагына 16 млрд 278 млн сом жумшала турган болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 12 млрд 983 млн сом көлөмүндө каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ