Menu

Өмүркулов деле байкуш тура

Бөлүшүү:

Иса Өмүркуловдо деле лидерлик сапат жок тура. Саясатта көп жылдардан бери кайнап, чыныгы лидер десек, кечээ күнү жаш баланын кылыгын көрсөттү. “Балашка” Өкмөт башчысына кайрылып “Менин премьер-министр болоюн деген оюм жок. Сизге жөн эле кайраштырып жатат. Бизди кагып салбаңыз Сапар Жумакадырович” деп өзүнүн ким экенин унутуп, жаш баланын алдында басмырланып, аябай эле бүжүрөгөн лидер экенин көрсөттү. Башкасы жалдыраса да СДПК фракциясынын лидери тынч олтурса жарашмак да. Иса Өмүркуловдун оозунан чыккан сөз ошол жерде айтылчу сөз беле? Чөгөлөгөн сөздү айтып, өзүнүн аброюн чөктүрбөй программа боюнча сүйлөп коюп кетсе лидерди шеф жарга такамак беле?  Азыр элдин баары саясатта жүргөн карт бөрүлөр жаш балага жүгүнүп олтурса кыргыз саясаты жыргаган экен деп чырт түкүрүп жатат. Жөнөкөй депутаттар эмес, килейген фракция лидери чөгөлөп жагалданып жаткандан кийин, парламент Өкмөттүн айткандарын эки кылбай аткарып берери ачыкталып жатпайбы. Мандатты эрдик менен таштап кеткен Чолпон Жакупова “Парламент жатып берди” деп күйдү эле. Жакупованын сөзүн Өмүркулов фракция лидери катары далилдеди.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: